Эпидемиологиялык кырдаал курчуп бараткандыгына байланыштуу, арыз берүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ден-соолугун камсыз кылуу, коронавирустук инфекция коркунучун азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу жарандарды жеке кабыл алуусун 2020-жылдын 6-июлунан баштап убактылуу токтотту.

6497

Урматтуу мекендештер!

Бул учурда консулдук маселелер боюнча жарандарга консультация телефон жана whatsapp аркылуу жүргүзүлөт: 
 +7 (777) 353 77 48 (паспортторду узартуу/жасоо (оформление), консулдук каттоо, мекенине кайтып кетүү жөнүндө күбөлүк берүү), 
+ 7 (771) 590 08 52 (виза маселелери, документтерди легализациялоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын аныктоо)
+7 (775) 463 42 95 (Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанда болушу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, ЖААК (ЗАГС) органдарынын документтери, Кыргызстандан документтерди талап кылуу).
Жогоруда көрсөтүлгөн чаралар убактылуу болуп саналат жана Башкы консулдук өз жумушунун режиминдеги андан аркы өзгөрүүлөр жөнүндө өз убагында маалымдайт.
Түшүнүү менен мамиле кылууӊуздарды өтүнөбүз.

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын 
Алматы шаарындагы Башкы консулдугу 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK