Виза маселелери

ВИЗАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР

 

Кыргыз Республикасынын визаларын алуу жол-жобосун жеңилдетүү максатында 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып «Электрондук виза» системасы ишке киргизилген.

«Электрондук виза» системасы бардык чет мамлекеттердин жарандарына Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылбастан www.evisa.e-gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле мамлекеттик чек аралардагы эл аралык өткөрүү пункттарынын визалык пункттарында 90 күнгө чейин Кыргызстанга кирүү визаларын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Чет өлкөлүк жаранга же чакыруучу уюмга электрондук форматта виза алуу

үчүн байланыш маалыматтарын жана Кыргызстанга пландаштырылган сапары тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен «www.evisa.e-gov.kg» интернет сайтынан атайын форманы толтуруусу зарыл.

Сиз ошондой эле керектүү документтердин тиешелүү пакетин жүктөшүңүз керек. Консулдук жыйымдарды төлөө «Visa» жана «MasterCard» банктык төлөм карталары аркылуу жүргүзүлөт.

Электрондук визаны берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү арызда көрсөтүлгөн электрондук почтага жөнөтүлөт. Электрондук форматта виза алууда «Электрондук виза» системасы веб-сайтына шилтеме берет, мында смартфондордогу мобилдик тиркемелерди колдонуу менен окулуучу атайын QR-код менен электрондук визаны басып чыгарууга болот.

Эскерте кетсек, « арызды кайтаруу»  виза арыздан «баш тартуу» дегенди билдирбейт жана виза үчүн төлөнгөн акча күйүп кетпейт.

Эгерде өтүнмө кайтарылса, сизге нускамалар жана жетишпеген документтер же каталар көрсөтүлгөн электрондук кат жөнөтүлөт. Андан кийин, сиз «Электрондук виза» порталына кайтып келип, «арыз берүүнү улантуу» функциясын колдонушуңуз керек, анда сиз үчүн документтерди толуктоо же өтүнмөнүн маалыматтарын оңдоо формасы ачылат.

Ошону менен бирге, виза алуу үчүн арызды кароонун башталган күнү катары суралган документтердин толук пакетин тапшырган же бул каталарды оңдоо датасы болоорун белгилейбиз.

Азыркы учурда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды электрондук форматта виза менен өткөрүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу төмөнкү эл аралык өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылат:

1. «Манас-аэропорт»

2. «Ош-аэропорт»

3. «Чон-Капка-автожолу»

4. «Чалдыбар-автожолу»

5. «Ак-Жол-автожолу»

6. «Ак-Тилек-автожолу»

7. «Достук-автожолу»

8. «Кызыл-Бель-автожолу»

9. «Кулунду-автожолу»

10. «Бор-Добо-автожолу»

11. «Иркештам-автожолу»

12. «Торугарт-автожолу».

Виза жана визасыз режимдер. “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режимди киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын бир тараптуу чечими) ылайык, төмөнкү мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү/чыгуу үчүн 60 күнгө чейинки визалык талаптардан бошотулат:

1.Австралия союзу

2. Австрия Республикасы

3. Бельгия Королдугу

4. Босния жана Герцеговина

5. Ватикан

6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

7. Венгрия

8. Германия Федеративдүү Республикасы

9. Нидерланддар Королдугу

10. Грек Республикасы

11. Дания Королдугу

12. Исландия

13. Ирландия

14. Испания Королдугу

15. Италия Республикасы

16. Канада

17. Корея Республикасы

18. Кувейт Мамлекети

19. Латвия Республикасы

20. Литва Республикасы

21. Лихтенштейн Княздыгы

22. Люксембург Улуу Герцогдугу

23. Мальта Республикасы

24. Монако Княздыгы

25. Жаңы Зеландия

26. Норвегия Королдугу

27. Бириккен Араб Эмирликтери

28. Польша Республикасы

29. Португалия Республикасы

30. Сауд Арабия Королдугу

31. Сингапур Республикасы

32. Словакия Республикасы

33. Словения Республикасы

34. Америка Кошмо Штаттары

35. Финляндия Республикасы

36. Француз Республикасы

37. Хорватия Республикасы

38. Чех Республикасы

39. Швейцария Конфедерациясы

40. Швеция Королдугу

41. Эстония Республикасы

42. Катар Мамлекети

43. Бруней-Даруссалам Мамлекети

44. Бахрейн Королдугу

45. Япония

46. Черногория

47. Андорра Княздыгы

48. Аргентина Республикасы

49. Бразилия Федеративдүү Республикасы

50. Сан-Марино Республикасы

51. Чили Республикасы

52. Оман Султанаты

 Төмөнкү чет мамлекеттерде жашап турууга жарактуу уруксаты (резидент - картасы) бар төмөнкү мамлекеттердин - Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней-Даруссалам Мамлекети, Оман Султанатынын жана Бахрейн Королдугунун жарандары Кыргыз Республикасынын "туристтик" категориядагы визаларын (1 айга чейин) жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алат:

1. Алжир

2. Бангладеш

3. Египет

4. Индия

5. Иордания

6. Ливан

7. Марокко

8. Непал

9. Пакистан

10. Тунис

11. Шри-Ланка

 1992-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин жарандарынын анын катышуучуларынын аймагында визасыз жүрүүсү жөнүндө макулдашуунун алкагында визасыз режим бардык категориядагы улуттук паспорттордун ээлерине карата колдонулат:

1. Азербайжан

2. Армения

3. Грузия

4. Молдова.

2000-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара визасыз сапарлары жөнүндө макулдашуулардын алкагында, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жарандарына визасыз режим киргизилет.

Кыргыз Республикасы менен төмөнкү чет мамлекеттердин ортосундагы Макулдашуунун алкагында визасыз режим колдонулат:

1. Малайзия (30 күнгө чейин визасыз режим, 1995-жылдын 20-июлунда Куала-Лумпур шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы визалык режимди жарым-жартылай алып салуу жөнүндө макулдашуу);

2. Түркия (60 күнгө чейин визасыз режим, 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуу);

3. Украина (90 күнгө чейин визасыз режим, 2004-жылдын 25-февралында Киев шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуу);

4. Өзбекстан (60 күнгө чейин визасыз режим, 2006-жылдын 3-сентябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуу);

5. Монголия (90 күнгө чейин визасыз режим, 1999-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарларынын шарттары жөнүндө макулдашуу).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87, 2010-жылдын 12-июлундагы № 125 жана 2011-жылдын 25-июлундагы № 405 токтомдоруна ылайык, төмөнкү мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын визаларын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат:

1.Австралия союзу

2. Австрия Республикасы

3. Бельгия Королдугу

4. Босния жана Герцеговина

5. Ватикан

6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

7. Венгер Республикасы

8. Германия Федеративдүү Республикасы

9. Грек Республика

10. Дания Королдугу

11. Израиль Мамлекети

12. Ирландия Республикасы

13. Исландия Республикасы

14. Испания Королдугу

15. Италия Республикасы

16. Канада

17. Кипр Республикасы

18. Корея Республикасы

19. Литва Республика

20. Латвия Республикасы

21. Лихтенштейн Княздыгы

22. Люксембург Улуу Герцогдугу

23. Македония Республикасы

24. Мальта Республикасы

25. Монако Княздыгы

26. Нидерланддар Королдугу

27. Норвегия Королдугу

28. Жаңы Зеландия

29. Польша Республикасы

30. Португалия Республика

31. Румыния Республикасы

32. Республика Сербия

33. Словения Республикасы

34. Сингапур

35. Словакия Республика

36. Америка Кошмо Штаттары

37. Түрк Республикасы

38. Финляндия Республикасы

39. Француз Республикасы

40. Хорватия Республикасы

41. Черногория Республикасы

42. Чех Республика

43. Швейцария Конфедерациясы

44. Швеция Королдугу

45. Эстония Республика

46. Андорра

47. Аргентина

48. Бразилия

49. Ватикан

50. Вьетнам

51. Таиланд Королдугу

52. Сауд Арабия Падышалыгы

53. Мексика

54. Бириккен Араб Эмирликтери

55. Сан-Марино

56. Филиппиндер

57. Албания Республикасы

58. Бруней-Даруссалам

59. Индонезия Республикасы

60. Түштүк-Африканская Республика

61. Чили Республикасы

62. Венесуэла Боливар Республикасы

63. Катар Мамлекети

64. Кувейт Мамлекети

65. Оман Султанаты

66. Бахрейн Королдугу

67. Япония

Ушул макулдашуулар менен белгиленген мөөнөткө өз ара визасыз режим жөнүндө макулдашуунун алкагында (төмөнкүлөр күчүнө кирген) төмөнкү мамлекеттердин жарандары, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери визасыз режимге кирет:

Ушул келишимдерде белгиленген мөөнөткө өз ара визасыз режим жөнүндө макулдашуулардын алкагында (төмөндө белгиленгендер күчүнө кирген),  төмөнкү мамлекеттердин жарандары, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим колдонулат:

1. Венгрия (30 күнгө чейин визасыз режим, 1997-жылдын 1-ноябры, Бишкек шаары)

2. КЭР (30 күнгө чейин визасыз режим, 2002-жылдын 24-июну, Пекин шаары) (Макао 14 күн)

3. Түркмөнстан (30 күнгө чейин визасыз режим, 2000-жылдын 6-марты, Ашхабад ш.)

4. Иран Ислам Республикасы (30 күнгө чейин визасыз режим, 2005-жылдын 8-марты, Бишкек ш.)

5. Пакистан Ислам Республикасы (30 күнгө чейин визасыз режим, 2003-жылдын 21-декабры, Тегеран шаары)

6. Словакия Республикасы (30 күнгө чейин визасыз режим, 2010-жылдын 1-апрели, Бишкек шаары)

7. Республика Корея (безвизовый режим до 30 дней, 30 ноября 2010 года в г. Сеул)

8. Индонезия (30 күнгө чейин визасыз режим, 2011-жылдын 23-сентябры, Нью-Йорк шаары)

9. Индия Республикасы (90 күнгө чейин визасыз режим, 2013-жылдын 19-июлунда, Бишкек шаары)

10. Польша Республикасы (визасыз режим 180 күндүн ичинде 90 күн, 2013-жылдын 6-июнунда, Бишкек шаары)

11. Катар Мамлекети (90 күнгө чейин визасыз режим, 2014-жылдын 8-декабры,  Доха шаары)

12. Эстония Республикасы (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2015-жылдын 15-апрелиндеги нотасынын негизинде 90 күнгө чейин визасыз режим)

13. Француз Республикасы (180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз режим) (КРнын дипломатиялык паспорту – 2016-жылдын 30 – мартында Бишкек шаарында кол коюлган Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу)

14. Италия Республикасы (180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз режим) (КРнын дипломатиялык паспорту – 2016-жылдын 15-апрелинде Париж шаарында кол коюлган Италия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу).

15. Марокко Королдугу (180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз режим) (Рабат шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу).