Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков Иран ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф менен жолугушту
2019-жылдын 16-февралында Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков Иран ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф менен жолугушту.
Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-иран кызматташтыгынын келечегин, ошондой эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аркеттенүүнү талкуулашты.
Эки тараптуу мамилелердин күн тартибин талкуулоо үчүн, Тышкы иштер министрлер тышкы саясий ведомстволор ортосундагы консультацияларды өткөрүүнүн маанисин белгилешти.