Дания Королдугу

Кыргызстан-Дания мамилелери

Дания 1992-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын тааныган. Дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 8-майында түзүлгөн.

2018-жылдын сентябрь айынан тартып Даниянын Москвадагы резиденция менен Кыргыз Республикасындагы Элчиси Карстен Сендергард болуп саналат, ал 2021-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырды.

2016-жылдан бери Абдыбеков Адилет Абдыбековичтин Кыргызстандагы Даниянын ардактуу консулу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 20-мартындагы Жарлыгына ылайык, Дания Королдугу менен кызматташуу маселелери Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигине жүктөлдү.

Кыргыз Республикасына биринчи жогорку деңгээлдеги сапар Даниянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү министри Хелле Дейндин сапары (1993-ж. май) болду. 1996-жылдын сентябрында Бишкекке ЕККУнун үчилтигинин делегациясы келди, анын курамына Даниянын тышкы иштер министринин жеке өкүлү, элчи У.Фрис-Мюллер кирген. 1997-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы Данияда болгон. 1997-жылы Даниянын коргоо министри Кыргызстанга келген.

1999-жылдын 14-16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Дания Королдугуна расмий сапары болуп өттү.

2013-жылдын 26-ноябрынан 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринен, Акыйкатчыдан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Данияда болгон.

2016-жылдын 28-февралынан 2-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары ЕККУнун Копенгаген шаарындагы Парламенттик ассамблеясынын Катчылыгында жана Даниянын Тышкы иштер министрлигинде болушкан.