Апас Джумагулов Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы мурдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (1998-2003-жылдар)

Урматтуу достор,

Мен 1998-жылдан 2003-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси болуп иштедим. Ал мезгилди мен өзгөчө жылуу сезим менен эстейм. Бул Кыргызстандын түптөлгөн мезгили болчу, биздин алдыбызда өлкөнүн түрдүү тармактарын өнүктүрүү боюнча көптөгөн милдеттер турган. Бул максатта биз Европадагы гана эмес, бʏткʏл дʏйнөдөгʏ өнʏккөн өлкөлөрдʏн бири болгон Германия менен кызматташтыктын зор дараметин пайдаланышыбыз керек эле.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып Германиянын Федералдык Өкмөтү республикада демократиялык жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жигердʏʏ көмөк көрсөтүп келе жатат жана алдыңкы донор өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

Эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар түзүлгөн: каржылык-техникалык кызматташтык, маданий кызматташтык, Кыргызстандагы немистердин иштери боюнча өкмөттөр аралык комиссия, соода жана инвестиция боюнча өкмөттөр аралык жумушчу тобу. Кызматташтыктын ушул механизмдерин колдонуу менен биз өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири спектри боюнча үзгүлтүксүз пикир алмашып жана көптөгөн маселелерди ишке ашырып турганбыз.

Мамлекеттер аралык мамилелерде мамлекет башчыларынын өз ара сапарлары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң, кээде чечʏʏчʏ мааниге ээ. 1998-жылдын 1-3-февралындагы Германиянын Федералдык Президенти Роман Герцогдун Кыргызстанга биринчи сапары кыргыз-герман мамилелеринин маанилүү баскычы болду. Бул сапар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү үчүн жагымдуу шарттарды бекемдеди. Кыргыз Республикасынын Президенти А.А.Акаевдин Германияга бир нече сапарлары болду. Ошондой эле Кыргызстандын Өкмөт башчыларынын жана ар кандай министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин Германияга иш сапарлары уюштурулган. 2000-жылдын 24-29-августунда кыргыз-герман мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри М.Иманалиевдин Германияга расмий сапары болуп өттү.

Соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана жеке германдык инвестицияларды тартуу максатында 1998-жылдын апрель айында Берлинде Кыргызстандан келген маанилʏʏ делегациянын катышуусунда Кыргызстан боюнча ири инвестициялык конференция өткөн. Ага 104 германиялык жана 33 кыргызстандык фирмалардын жана компаниялардын жетекчилери чакырылган. Кыргызстандын Германиядагы Элчилиги Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар болгон Германиянын Федералдык аймактары жана ар кандай германиялык компаниялар менен алака түзүү боюнча олуттуу иштерди жүргүздү. Айта кетсек, Тюрингия Федералдык аймагы менен байланыштар түзүлгөн. Бул Федералдык аймактын жетекчилигинин колдоосу жана Элчиликтин жардамы менен 1999-жылы Кыргызстанда Тюрингия Федералдык аймагынын Ишкерлер союзунун өкүлчүлүгү жана эки тараптуу кызматташтыкты координациялоо боюнча кеңсе ачылган. 2000-жылдын 26-31-январында Баден-Вюртемберг Федералдык аймагында Кыргызстандын жана ушул Федералдык аймактын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу уюштурулган. Ошол эле жылдын сентябрь айында Баден-Вюртембергдик ишкерлердин Кыргызстанга жооп сапары болуп, анда ишкердик келишимдер түзүлүп, жаңы байланыштар түзүлгөн.

Элчилик кыргыз тарап менен Германиянын алдыңкы концерндеринин бири болгон «Тиссен-Крупп», «Сименс» жана башкалардын ортосунда кызматташтыкты түзүү боюнча иш алып барган. Германиялык «Реемтсма» жана «Генрих Глэзер» компаниялары Бишкек тамеки фабрикасынын жана Токмок айнек заводунун базасында ийгиликтүү инвестициялык иш-аракеттерди жүргүзүп жатышты.

Билим берүү, маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери активдүү алдыга жылдырылды. Элчилик Германиянын түрдүү Федералдык аймактарында кыргыз маданиятын кеңири жайылтуу максатында көптөгөн иш-чараларды уюштурган. 2001-жылдын 26-июнунда Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Бонн шаарындагы Дипломатиялык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо борборунда кыргыздын залкар жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун катышуусунда иш-чара болуп өттү. «21-кылымдын кадрлары» президенттик программанын алкагында Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) аркылуу Германияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер, ошондой эле Германиянын Коргоо министрлиги аркылуу келген жаштар менен дайыма жолугушуулар өткөрүлʏп турган. Элчиликтин жигердүү жардамы менен германиялык Потсдамдагы жерди изилдөө борбору менен өнөктөштүктө Борбордук Азиядагы жерди колдонмо изилдөө институту түзүлүп, ал кыргыз-герман илимий-техникалык кызматташтыгынын пилоттук долбоору болуп калды. Элчилик Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринин базасында Кыргыз-герман техникалык факультетин түзүүгө негизги көңүлүн бурган. Бүгүнкү күндө бул долбоор ишке ашырылды жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Кыргыз-герман техникалык институту ийгиликтүү иштеп жатат.

Өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылган жана аша элек долбоорлор тууралуу көп айтса болот. Немис элинин жакшы жана пайдалуу тажрыйбасын, билимин, маданиятын, чыдамкайлыгын, кыраакылыгын, сарамжалдуулугун жана башка көптөгөн сапаттарын алып кеткенимди ыраазычылык менен белгилебей кое албайм. Мен Германиянын жарандарынын көптөгөн гуманитардык жардам көрсөткөнүн ыраазычылык менен эстейм. Мурдагыдай эле, Берлин шаарынын Мэриясына тарыхый Берлиндин дээрлик борборундагы Элчиликтин имаратын Кыргызстандын менчигине алууга жардам бергендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Кыргызстандын Германиядагы Элчиси катары эмгегим германиялык тараптан жогору бааланып, мен Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымым үчүн лентасы менен Улуу Крест ордени жана төш белгиси менен сыйландым. Бул ʏчʏн мен Германиянын жетекчилигине ыраазычылык билдирем.

Учурдан пайдаланып, Сиздерди Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм, Сиздерге чың ден соолук жана кыргыз-герман кызматташтыгын ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалайм.