Жарандык маселелер

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу

2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамынын 6-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарууну  18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде карайт.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Индиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин дарегине   жарандыктан чыгуу себептерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу ниетин билдирген жазуу жүзүндөгү арыз.

Арызда кайрылуучунун паспорттук маалыматтары, жашаган жеринин дареги, телефон номери, электрондук дареги, Кыргыз Республикасындагы мурдагы жашаган жеринин дареги так көрсөтүлөт.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  атына эки нускада анкета-арыз (Арыздын бланкы кол менен же техникалык каражаттарды (жазуучу машинка, компьютер) колдонуу менен жазылат. Кол менен жазылган арыздын тексти түшүнүктүү болушу керек.  

Арыздын бланкын толтурууда кыскартууга жана аббревиатураларга, ошондой эле оңдоолорго жол берилбейт. Арыздын бланкында берилген суроолорго карата жооптор толук жана так болушу абзел;

  1. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;
  2. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  3. Никеге туруу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, никени бузуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, күйөөсү (аялы) өлгөнү жөнүндөгү күбөлүгү же соттун күйөөсү (аялы) өлгөндүгүн же дайынсыз жоголгонун ырастаган чечими;
  4. Кыргыз Республикасынын салык органынан (Кыргыз Республикасында жашаган акыркы дареги боюнча) салыктык  карызынын жоктугун тастыктаган документ; 
  5. Кайрылуучунун автобиографиясы, үй-телефон номери жана дареги, ошондой эле күйөөсүнүн (аялынын) жарандыгы көрсөтүлүүгө тийиш;
  6. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактар же жеке адамдардын кызыкчылыктарына байланышкан (алимент, мүлктүк ж.б.) милдеттенмелери жок экенин тастыктоочу өздүк декларация;
  7. Ак түстүн алдында баш кийимсиз 4×6 см өлчөмдөгү беш даана түстүү сүрөт.
  8.  Консулдук акы 350 АКШ долларын түзөт
  9.  Эгер арыздануучунун күйөөсү (аялы) Кыргыз Республикасынын жараны болсо, ошондой эле анын багып кароосуна муктаж болгондор  Кыргыз Республикасынын жарандары болсо, алардан кат түрүндө арыздануучунун Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга болгон көз караш мамилесин билдирген арызын тапшыруу зарыл.
  10. Эгер арыз ээси бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга жашы жете элек балдарын да кошо көргөзүп өтүнүч кат менен кайрылса, анда Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзамында каралган шарттарга ылайык, алар үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү / камкордук же көзөмөлдүк кылуу  / ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча документтердин көчүрмөсү

- Эгерде ата-энесинин же камкордук/көзөмөлдүк кылгандардын бири Кыргыз Республикасынын жараны бойдон калса, анда тараптардын ортодогу баланын жарандыгын сактоо же токтотуу боюнча  нотариалдык жактан тастыкталган макулдугу.

*Документтерди үч (3) нускада (1 түпнуска жана 2 көчүрмө) көрсөтүү зарыл.

Маанилүү маалымат:

  1. Англис тилиндеги документтер  орус тилине тастыкталган котормосу менен гана кабыл алынат.
  2. Кепилдик каттар жогоруда көрсөтүлгөн документтердин бардыгы тапшырылган күндөн тартып гана карала баштайт.
  3. Арыз берүүчү тарабынан жасалма документтер көрсөтүлсө же билип туруп жалган маалыматтар берилсе, мындай арызды кабыл алуудан баш тартууга негиз болот.