Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын  ортосундагы  дипломатиялык  мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. 1992-жылы Бишкек шаарында ИИР нын  элчилигин ачып, ал эми 1996-жылы май айында  Тегеран шаарында  Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган.

2002-жылы Бишкек шаарында, эки өлкөнүн Президенттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен  Иран Ислам Республикасынын ортосундагы достук мамилелер жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюлган.

2015-2016-жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы  мамлекеттик жетекчилердин  сапарынын алмашуусунан кийин,  өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер мындан ары тыгыз байланышта болуп келет. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, Экономикалык кызматташтык уюму  (ЭКУ) жана Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташтык ишке ашып келе жатат

Кыргыз-Иран карым-катнаштары жана кызматташтык өз ара түшүнүшүү жана өз ара колдоо  негизинде туруктуу өнүгүүдө.