Нотариалдык суроолор

Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде нотариалдык иш аракеттерин жүргүзөт. Өзгөчө элчилик Кыргыз Республикасында ишеним көрсөтүүчүнүн атынан укуктук иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ишеним каттарды жана арыздарды тастыктайт.

Нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Рим шаарында жайгашкан Элчилигинде кайрылуучунун катышуусу менен төмөнкү документтердин негизинде ишке ашырылат.

  1. Фамилия, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефонун, электрондук дарегин толук көрсөткөн жана керектүү нотариалдык документти сураган кайрылуу.
  2. Кайрылуучунун Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
  3. Ишеним көрсөтүлүп жаткандын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.
  4. Суралып жаткан документтин түрүнө жараша төмөнкү документтер талап кылынат:

- жашы жети элек баланы чет өлкөдө коштоп жүрүү учурунда, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү. 

- кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү башкарууга укук берип жаткан учурда каралып жаткан мүлккө укугун далилдеген документтер (техпаспорт, үй китепчеси, авто унаанын техпаспорту, сатуу-алуу келишими ж.б.у.с).

Консулдук акы 50 АКШ долларын түзөт.