2024-жылдын 15-мартында кыргыз тараптын демилгеси менен КРнын Казань шаарындагы Башкы консулу Э.Бейшембиевдин Татарстан Республикасынын өнөр жай жана соода министри О.Коробченко менен жолугушуусу болуп өттү

236

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Президенти С.Жапаровдун ушул жылдын февралындагы Россияга сапарынын жыйынтыктарын жана соода-экономикалык жана илимий-техникалык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Татарстан тарап КР делегациясын ушул жылдын май айында «Россия-Ислам дүйнөсү: KazanForum» эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн күтүүдө жана 2024-жылдын жай айында КРге ТРдин бизнес делегациясынын жооптуу сапарын уюштурууга даярдыгын билдирди.

Тараптар «КАМАЗ», «Эйдос» жана башка татарстандык ишканалар менен иштөөнүн оң динамикасын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK