Жумуш эмес күндөрү тууралуу билдирүү

245

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-декабрындагы «2024-жылы майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомуна ылайык, 21-марттан тартып 24-мартка чейинки күндөр жумуш эмес күндөр деп жарыяланган.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдук көрсөтүлгөн күндөрү жарандарды консулдук кабыл алуу иштерин жүргүзбөйт.

Ошону менен бирге, Консулдукта тез арада юридикалык жана консулдук жардам алууну талап кылган оор кырдаалга туш болгон учурларда мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү максатында, нөөмөт жана ишеним телефондору болот: +7 927 481 69 26, +7 906 111 34 11.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK