Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2024-жылдын 20-февралында Казань шаарында Татарстан Республикасынын Раиси Р.Минниханов менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча илим жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоонун уландысында

190

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Башкы консул Эрик Бейшембиев менен Казан федералдык университетинин (КФУ) тышкы байланыштар боюнча проректору Тимирхан Алишев, 2024-жылдын 28-мартында КФУнун Елабуга институтунун директору Елена Мерзон менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Татарстан тарап ЖОЖдордун ишмердүүлүгү жана кадрларды даярдоо шарттары тууралуу маалымат берди.

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн университеттери ортосунда академиялык же студенттерди алмашууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу максатында өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK