Ушул жылдын 09-апрелинде Башкы консул Эрик Бейшембиев менен Зеленодольск муниципалдык округунун башчысы, Зеленодольск шаарынын мэри Михаил Афанасьевдин жолугушуусу болуп өттү
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Зеленодольск шаарынын ишканаларынын кызматташуусу, ошондой эле бир катар тармактарда өз ара кызматташууну түзүү маселелери талкууланды.
Учурдан пайдаланып, Башкы консул маектештерди эки тараптын тыгыз жана жемиштүү кызматташуусу үчүн аймактагы ишкерлер менен бирге Кыргызстанга келүүгө чакырды.