Ушул жылдын 17-апрелинде Башкы консул Эрик Бейшембиев Зеленодольск шаарынын мэри Михаил Афанасьевдин чакыруусу менен Зеленодольск муниципалдык округуна иш сапары менен барды

192

Сапардын алкагында М7 Индустриалдык паркынын объектилери менен таанышты. Башкы консул «Волжанин» ЖЧКсы полиэтилен түтүктөрүн ширетүүчү жабдууларды чыгаруучу заводго, «Майский» күнөскана комбинатына, «ТатЛифт» ЖЧК ишканасына, ошондой эле ООО «ЭлектроОптима» ЖЧК заманбап электр панелдик жабдууларды чыгаруучу ишканага барды.

Ишканалардын жетекчилери менен болгон ишкердик жолугушуунун жүрүшүндө мүмкүн болгон өз ара аракеттенүү жана аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды. Экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган көптөгөн маселелер талкууланды.

Башкы консул кызматташуунун келечеги тууралуу айтып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берди.

Учурдан пайдаланып, Башкы консул маектештерди облустун ишкерлери менен бирге Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK