Кыргыз Республикасынын Башкы консулунун Татарстан Республикасынын Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси менен жолугушуусу жөнүндө
2024-жылдын 8-апрелинде Казань шаарында Башкы консул Э.Бейшембиев менен Татарстан Республикасынын Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин башчысы Т.Минуллинанын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын май айында өтө турган «Россия-Ислам дүйнөсү: KazanForum» 15-эл аралык экономикалык форумуна Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунун уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Тараптар кыргыз делегациясын эл аралык форумга катышууга даярдоону активдештирүү боюнча ишти улантууну макулдашты.