Ушул жылдын 24-апрелинде Башкы консул Э.Бейшембиев Казань мамлекеттик маданият институту тарабынан уюштурулган «Салттуу маданияттын жана элдик чыгармачылыктын көп кырдуу дүйнөсү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

194

Иш-чарага ошондой эле Татарстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Д.Натфуллин, Ульяновск облусунун искусство жана маданият саясаты министринин орун басары – Маданий саясат департаментинин директору А.Кочаргина, Москва мамлекеттик маданият институтунун ректору Э.Кудрина, Өзбекстан Республикасынын Башкы консулдугунун биринчи катчысы А.Разаков жана Өзбекстан мамлекеттик искусство жана маданият институтунун ректору Э.Шерманов катышты.
Конференция Россиянын түрк жана башка элдеринин салттуу маданиятын жана көркөм чыгармачылыгын кайра жаратуу, сактоо жана өткөрүп берүү технологияларын изилдөө жана заманбап этномаданий мейкиндикте дүйнөлүк фольклордук мурастарды жайылтуу жаатында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.
Башкы консул өз сөзүндө дүйнөгө белгилүү жазуучу, ойчул Ч. Айтматовдун түрк элдеринин дүйнөлүк мурасынын жана алардын маданий байышынын казынасына, ошондой эле элдердин улуттук өзүн-өзү таануусунун жана өздүгүнүн ажырагыс компоненти катары салттуу маданиятты изилдөөнүн жана сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK