Ушул жылдын 22-апрелинде Башкы консул Э.Бейшембиев Татарстан Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин колдоосу менен Жаштар Дипломатия Академиясы тарабынан уюштурулган Республикалык « Youth Ambassadors/Жаш дипломаттар» сынагынын жетинчи сезонуна барды

209

Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Ирандын жана Түркмөнстандын Казань шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Сынактын максаты – Татарстан Республикасынын эл аралык программаларын жаштар арасында кеңири жайылтуу, дипломатиялык байланыштын негиздерин жайылтуу жана элдик дипломатия тармагындагы таланттуу жаштарды аныктоо.

Башкы консул өз сөзүндө жаштардын эл аралык мамилелерге жана дипломатияга кызыгуусун арттыруу үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ар түрдүү өлкөлөр жана маданияттар ортосунда ишеним көпүрөсүн түзүүдө негизги ролду келечектеги жаш жана активдүү адамдар ойной аларын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK