Элчиликтин тарыхы

1991 жылдын декабрь айында Корея Республикасы алгачкылардан болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган. 1992 жылдын январь айында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер тʏзʏлгɵн. 2007 жылдын сентябрь айынан тартып Корея Республикасынын Элчилиги Бишкек шаарында иштей баштаган жана 2008 жылдын октябрь айында Корея Республикасынын биринчи Элчиси аккредитацияланган.

2008 жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Элчилиги Корея Республиксында ачылган жана ушул эле жылдын октябрь айында Кыргызстандын биринчи Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ɵзʏнʏн Ишеним грамотасын тапшырган.

Дипломатиялык мамилелер тʏзʏлгɵн учурдан тартып Кыргызстан менен Корея Республикасынын мамилелери ɵз нугунда ɵнʏгʏʏдɵ. Ушул убакыттын аралыгында эки ɵлкɵнʏн мамилелери баардык тараптарда ɵнʏгʏʏcʏ ʏчʏн ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ ишке ашты. Кыргызстан Тʏштʏк Кореяны ɵзʏнʏн Азия регионундагы бирден бир приоритеттʏʏ ɵнɵктɵшʏ катары баалайт. Ушуну менен бирге эле Корея Республикасы менен мындан аркы кызматташтыкты достук жана ич ара кызыкчылыктын негизинде ɵнʏктʏрʏʏгɵ кызыктар.