Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин кыскачы тарыхы

Кувейт Мамлекети Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын 1991-жылдын 26-декабрында тааныган. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1994-жылдын 14-декабрында түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Эль-Кувейттеги Элчилиги 2013-жылдын июулунда Кыргызстандын Кувейттеги Убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн дайындалуусу менен негизделген. 2014-жылдын 6-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги биринчи Элчиси болуп Жусупбек Шарипов дайындалып, ал эми Элчиликтин расмий ачылышы 2015-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кувейт Мамлекетине расмий иш-сапарынын алкагында өткөн.

 

 

2018 жылдын 7-мартынан 2021-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси болуп Самаргуль Адамкулова иштеп келген.

Описание: \\reception-pc\Reception Data\ОТПРАВКА ПО ПОЧТЕ\Сайт үчүн маалыматтар\80 жылдык\Элчи С.Адамкулова Кувейт Мамлекетинин Мураскор Ханзаадасы Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен жолугушуусу 05.12.2018.jpg

2021-жылдын 21-майынан баштап азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси болуп Азамат Карагулов иштеп келүүдө.

 

Описание: \\reception-pc\Reception Data\ОТПРАВКА ПО ПОЧТЕ\Сайт үчүн маалыматтар\80 жылдык\Элчи А.Карагулов Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахка ишеним баракчасын тапшыруу аземи 16.08.2021.jpg

Элчилик ачылгандан бери Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу мамилелери өз ара урматтоого, ишенимге жана кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуу менен мүнөздөлүп, туруктуу багытта өнүгүп келе жатат. Кыргыз Республикасы өзүнүн ачыктык, демократиялык негиздерине таянган жана либералдуу саясатынан улам кувейт тарабынын көңүлүнө арзып келет.

Он жылдык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Элчилик бир нече маанилуу эки тараптуу иш-чараларды уюштуруп, алардын ичинен эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара иш-сапарларды, Кыргыз-Кувейт ТИМдер аралык саясий кеңешмелерди, Кыргыз-Кувейт Өкмөттөр аралык соода-кызматташтык боюнча комиссиялардын отурумдарын, маданий күндөрдү, көргөзмө-жарманкелерди жана башка иш-чараларды өткөрүп келди.

Эки өлкөнүн соода-экономикалык чөйрөдөгү оң динамикасына жана Кувейттен Кыргызстанга туристтик агымынын өсүшүнө 2021-жылдын июнунда Бишкек менен Эль-Кувейт ортосундагы, ал эми 2022-жылы Эль-Кувейт – Ош багытындагы кувейттик Jazeera Airways авиакомпаниясынын түз аба каттамдарынын ачылышы чоң түрткү болуп келүүдө.

Авикомпаниянын карго кызматынын аркасынан Кыргызстандын Кувейтке болгон экспорту өсүп келе жатат. 2023 жыйынтыгында эки өлкөнүн соода жүгүртмөсү тарыхта биринчи жолу 4 млн 610 миң АКШ долл жетип, анын ичинен кыргыз тарабынын экспорту 4 млн 446 миң АКШ долл түздү. 2022 жылы соода жүгүртмө 3 млн. 370 миң АКШ долл жеткен.

2022-2023 жж. Кувейттин Кыргызстанга болгон туристтик агым ар жылы бештен жети миң адамга жетип, анын жарымын кувейттик жарандар түзөт. Ошондой эле кыргызстандык жарандардын саны 2021 жылы 70 адамдан 2024 башына миң адамга жетти.

Мындан тышкары, кувейттик тарап өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду, социалдык объектилерди каржылоодо кредиттик-гранттык каражаттар аркылуу араб өлкөлөрүнөн алдыңкыларда болуп жардам колун сунуп келет.