Соода-экономикалык кызматташтык

Соода-экономикалык кызматташтык кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүү боюнча негизги катализатору болуп саналат. Бул тармактагы кызматташтык 1998-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу жана 1994-жылкы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын түзүү  боюнча Келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициондук өнөктөшү болуп саналат. 2016-2017-жылдардын жыйынтыгы боюнча Кытай Кыргызстандын экономикасына инвестициаларды тартуу жана соода жүгүртүү жагынан биринчи орунду ээлеген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча тышкы соода жүгүртүү 1,563 млрд. АКШ долл. түзгөн, анын ичинен экспорт – 80,0 млн. АКШ долл., импорт – 1,483 млрд. АКШ долл. 2017-жылы соода жүгүртүү 1,597 млрд. АКШ долл. түзгөн, анын ичинен экспорт – 97,5 млн. АКШ долл., импорт – 1,500 млрд. АКШ долл.

2016-жылы КЭРнын КРна болгон түз чет өлкөлүк инвестицияларынын саны 301,303 млн. АКШ долл. түзгөн. Ал эми 2017-жылда инвестициялардын саны 303,025 млн. АКШ долл. жеткен.

Кыргызстандан Кытайга болгон негизги экспорттук жоболору болуп тамак-аш азыктары жана айылчарба чийки заттары (бал, тамеки, ар кандай жангактар, мөмө-жемиштер жана кургатылган мөмө-жемиштер, суусундуктар, ж.б.), иштетилбеген терилер, кызылган тери, кендер жана баалуу металлдардын кошулмалары, тетиктер жана механикалык аспаптар, транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү, ж.б. КЭРнан КРна болгон импорт - жеңил жана текстил өнөр жай продукциясы, машина куруу, химиялык өнөр жай, органикалык эмес химиялык заттар, порфюмерия жана косметика, даары-дармектер, жер транспорт каражаттары, кара, түстүү, баалуу эмес металлдар, айнек, керамика, цемент, тери, жыгач, кагаз жана картон продукциялары.

Эки тараптуу жана соода-экономикалык кызматташуусунун маанилүү жана келечектүү тармактары болуп инфраструктураны өнүктүрүү жана транспорт, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайлары, айыл чарба, тоо-кен, туризм жана СУАР менен чек-аралык кызматташуу болуп саналат.

Азыркы учурда, тараптар Кыргызстан үчүн чоң социал-экономикалык мааниге ээ болгон, бир катар биргелешкен ийгиликтүү долбоорлорду Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырып келет.

Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин көтөргөн «Бир алкак - бир жол» жана «Жибек-Жолу экономикалык тилкеси» демилгеси болуп эсептелет. Бул демилге узак мөөнөттүү жана көп багыттуу мүнөзгө ээ жана соода-экономикалык тармактагы кызматташтыкты, ошондой эле инфраструктура, транспорт жана энергетика, инвестиция жана каржы тармактагы кызматташтыкты арттырууга багытталган.