Элчи А.Артыкбаев Монголиянын Президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Э.Одбаяр менен жолугушту

241

2023-жылдын 22-августунда Улан-Баатыр ш. Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Артыкбаев Монголиянын Президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Эрдэнэцогт Одбаяр менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын 9-11-июлунда Монголияга мамлекеттик сапары ийгиликтүү өткөндүгүн канааттануу менен белгилешип, бардык жетишилген макулдашууларды ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолушту.

Жолугушууда кеңешчи Э.Одбаяр Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурелсух Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани бергенин белгиледи.

Элчи А.Артыкбаев кыргыз тараптын 2023-ж. сентябрынын аягында же октябрдын башында Монголияда, ал эми 2023-ж. аягында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм Департаменти жана КРдин Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчилигинин астында эки тараптын туризм тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда туристтик роудшоу өткөрүү демилгесине токтолду.

Андан сырткары жолугушууда соода-экономикалык карым катнашты, соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана транспорттук-логистикалык сектордо, анын ичинде аймактык бирикмелерде кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Тараптар алдыда турган өз ара сапарлардын жагдайларын, бирдиктүү күн тартибин талкуулап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштерге даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK