Элчи Айбек Артыкбаев Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуун менен жолукту

184

2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчиси Айбек Артыкбаев Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын Төрагасы, Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын депутаты Хаянгаа Болорчулуун менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын 9-11-июлунда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, өкмөттөр аралык комиссия, Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлиги менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Министр Монголиянын калкынын жарымынан көбү азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагында эмгектене тургандыгын билдирди. Айыл чарба жаатында Кыргызстан менен Монголиянын кызматташуу дарамети олуттуу экени анык. Монгол тарап ветеринардык уруксат кагаздары болгон учурда Кыргызстандын топоздорунун генофондун жаңылоо үчүн белекке 100 баш тартуулоого даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде, Элчи А.Артыкбаев Кыргызстандын ветеринардык бийлиги монгол кесиптештери менен Монголиядан Кыргызстанга эт жана эт азыктарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи. Мындан тышкары, Элчи андан ары Кыргызстандан Монголияга айыл чарба өсүмдүктөрүн экспорттоо максатында Өсүмдүктөр карантини жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча тараптардын күч-аракетин жигерлентүүнү сунуштады.

Элчи А.Артыкбаев ошондой эле эки өлкөнүн шаарларынын жана облустарынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашууларга кол коюунун натыйжасында региондор аралык кызматташтыкты бекемдөөдө алгылыктуу жылыштар бар экенин канааттануу менен белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара кызыгууну жараткан милдеттерди ыкчам чечүү максатында үзгүлтүксүз байланышып туруу жөнүндө бир пикирге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK