Элчи Айбек Артыкбаевдин Монголиянын Тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн менен жолугушуусу болуп өттү

189

2023-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчиси Айбек Артыкбаевдин Монголиянын Тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын 9-11-июлунда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамсрайин Оюун-Эрдэнэнин ү.ж. 25-26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин XXII отурумуна катышуусун уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Элчи А.Артыкбаев кыргыз тарап жогорку деңгээлдеги өз ара парламенттер аралык жана өкмөттөр аралык сапарларды иштеп чыгууга, ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара кызыгууну жараткан маселелерди тез ара чечүү максатында дайыма байланышта болуу тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK