Элчи А.Артыкбаев Монголиянын Коргоо министри Г.Сайханбаяр менен жолугушту

202

2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасыныны Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Артыкбаев Монголиянын Коргоо министри Г.Сайханбаяр менен жолугушту.

Элчи А.Артыкбаев кыргыз тарап мындан ары коргоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө, Монголиянын Куралдуу Күчтөрүнүн эл аралык тынчтыкты сактоо операцияларындагы тажрыйбасын изилдөөгө жана мындан ары бул багытта өз ара аракеттенүүнү арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Министр Г.Сайханбаяр өз кезегинде коргонуу тармагында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалды белгилеп, бул багытта кыргыз кесиптештери менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди. Монгол тарап ошондой эле тынчтыкты сактоо ишмердиги жаатында тажрыйба алмашууну жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Жолугушуунун соңунда тараптар аскердик жана коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, эки өлкөнүн коргоо министрлеринин деңгээлинде жумушчу сапарларды жана биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK