2022-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиев Россиянын жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын №18 Түзөтүү колониясына барды

1433

2022-жылдын 19-апрелинде Россия Федерациясынын аймагында соттолгон Кыргыз Республикасынын жаранынын кайрылуусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиев Россиянын жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын №18 Түзөтүү колониясына барды. Аталган Түзөтүү колониясында учурда Кыргыз Республикасынын 18 жараны камакта болууда.

Башкы консул К.Маматалиев абактагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын камактагы шарттары менен таанышып, мекендештер менен баарлашып, укуктук жана башка маселелер боюнча кеп-кеңештерди берди.

Түзөтүү колониясынын жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын эркинден ажыратылган жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү жана жарандарга тиешелүү документтерди даярдоо боюнча өз ара аракеттенүү үчүн байланыш түзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK