Көңүл буруу

1920

Башкы консулдук маалымдайт, 2006-жылдын 3-декабрындагы “Атайын экономикалык чаралар жана мажбурлап чара көрүү жөнүндө” Федералдык мыйзамдын 4-беренесине ылайык, РФнин Президенти тарабынан эквиваленттеги 10 миң АКШ долларынан жогору суммада накталай чет элдик валюталарды жана (же) чет элдик валютадагы инструменттерди РФтен алып чыгууга тыюу салынган атайын экономикалык чараны киргизүү жөнүндө чечими кабыл алынган (РФ Президентинин 2022-жылдын 1-мартындагы №81 “РФтеги финансылык стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча экономикалык мүнөздөгү кошумча убактыфлуу чаралар жөнүндө” Жарлыгынын 1-пунктунун “ж” пунктчасы).

Аталган тыюу салуулар РФтен накталай чет элдик валюталарды алып чыгууга (анын ичинде мурда алып келинген), анын ичинде ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге жайылтылат, жана юридикалык жана жеке жактарга карата алардын статусуна карабастан колдонулат (резиленттер жана резидент эместер).

Белгиленген тыюу салууларды аткарууну камсыз кылуу максатында, Россия ФБКсы жана Россия ФКК Чек ара кызматы менен биргеликте ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймактарына чектеш Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында контролдоо уюштурулган.

10 миң АКШ долларынан ашкан суммадагы накталай чет өлкө валютасын жана (же) чет өлкө валютасындагы инструменттерди аныктоо чек ара көзөмөлүнүн жерлеринде бул каражаттардын суммасына жеке жактарга байкоо жүргүзүү жана суракка алуу жолу менен жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK