Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Россия Федерациясынын 2021-жылдын 1-июлундагы 274-ФЗ “Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” Федералдык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Федералдык Мыйзамы

2169

Башкы консулдук Россия Федерациясынын 2021-жылдын 1-июлундагы 274-ФЗ “Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” Федералдык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Федералдык Мыйзамына жана "Россия Федерациясында манжа изин мамлекеттик каттоо жөнүндө" Федералдык Мыйзамына ылайык 2021-жылдын 29-декабрынан тартып Россия Федерациясына визаны талап кылбаган тартипте иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керек.

Манжа изин милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органына же Россия Федерациясынын ИИМдин «Паспорттук-визалык кызмат» Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын ведомстволук ишканасына жана анын филиалдарына жеке кайрылуусу керек. 

 6 (алты) жашка чейинки балдар, ошондой эле мурда бул процедуралардан өткөн адамдар манжа изин тапшыруудан жана фотосүрөткө түшүүдөн бошотулат. Мындай чет өлкөлүк жарандар манжа изин милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөндүгүн ырастоочу документти алуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча аймактык органына кайрылууга укуктуу.

Башкы консулдук 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россия Федерациясынын аймагына кирген чет элдик жарандар үчүн кийин РФга кайрадан киргенде манжа изин алуу процедурасынан өтүү зарылчылыгы келип чыгарын белгилейт. Бул жол-жобо бир жолку жана Россия Федерациясына кирүү/чыгуу санына карабастан акысыз.

Манжа изин тапшыруу жана сүрөткө тартуу үчүн адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ-инфекциясы) менен шартталган оорунун жоктугу тууралуу маалымкат жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган башка документтерди көрсөтүү керек. Чет өлкөлүк жарандар манжа изин милдеттүү мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана (же) медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча милдеттерин аткарбаган учурда, алардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү кыскартылат.

Эскертүү: Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тууралуу маалыматты алардын сайттарынан ала аласыз.

Россиянын Ички иштер министрлигинин «Паспорттук-визалык кызмат» Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын филиалдары тууралуу кошумча маалыматты https://pvsmvd.ru сайтынан ала аласыздар.

 

Наименование

             Адрес

Новосибирская область

 

г. Новосибирск, пр-т Дзержинского, д. 12/2 (вход с левого торца здания, 2-й этаж), Новосибирская область, г. Новосибирск, ул. Есенина, д. 1Г

Телефон: 8 (383) 325-11-11

Томская область

  

Томская область, г. Томск, ул. Пролетарская, д.33

Телефон: 8 (3822) 90-03-61

Филиал по Кемеровской области

  г. Кемерово, ул. Кузбасская, д.33, офис 101

г. Новокузнецк, ул. Лазо, д. 2

Телефон: 8 (3842) 200-125

 

 Филиал по Омской области

Омская область, г. Омск, ул. Кемеровская, 15/1

Филиал по Алтайскому краю

Алтайский край, г.Барнаул, ул.Шевченко, д.170

Филиал по Республике Алтай

Горный Алтай, ул Коммунистическая 113/4

Режим работы указанных филиалов: понедельник-четверг: с 9:00 до 18:00

пятница: с 9:00 до 16:45, перерыв на обед: с 13:00 до 13:45, суббота-воскресенье: выходной

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK