Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 15-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

3401

Министирлик  2021-жылдын 14-июнунда, болжол менен саат 18:00 чамасында (жергиликтүү убакыт боюнча) Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы Гусинобродское шоссе көчөсүндө жайгашкан авто газ  куюуучу жайда келип чыккан өрттөн улам жарылуу болгондугун маалымдайт. Алдын ала маалымат боюнча 30 дан ашуун  киши жабыркаган.  Окуя болгон жер кыргыз жарандарынын компакттуу жашаган аймагына жакын болгондугуна байланыштуу, Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя  болгон жерге ыкчам түрдө барышып, Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаардар министирлигинин Новосибирск областы боюнча Башкы башкармалыгынын ыкчам штабынын өкүлдөрү менен жеринен жолугушуу учурунда алган алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында ар кандай деңгээлдеги  жаракат (күйүк)  алган  Кыргыз Республикасынын үч жараны бар экендиги аныкталган.

Ошол замат Башкы консулдуктун кызматкерлери Новосибирск облустук клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө барышып, ооруканага түшкөн 1968-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу шаарынын тургуну  У.О. (денесинин 20% га жакыны күйүк алган) менен жолугушуп, ал-акыбалынан кабар алышкан. Күйүк бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусунун билдирүүсүнө  ылайык, жаракат алган жаран У.О.-нун абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Экинчи жаран, 2001-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну А.уулу Н., жеңил күйүк (5% га жакын),  алган жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, үйүнө чыгарылган. Жабыркаган үчүнчү Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну,  1988-жылы туулган А.Б.,  жеңил күйүк (болжол менен 7%)  алып,  шок абалда болгондуктан, кырсык орун алган жерден кетип калган. Кийинчерээк  Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле, өрттүн жана жарылуунун натыйжасында, Кыргыз Республикасынын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана Кыргыз Республикасынын жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталды. Бул жарандар тез арада эвакуацияланганга жетишишкен. Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугушуу өткөрүшүп, паспорту күйүп кеткен бир жарандын өздүгүн аныктоочу документин Башкы консулдук кыска убакыт ичинде калыбына келтирүү үчүн тиешеллүү иш-аракеттерди көрмөкчү.

Азыркы учурда Башкы консулдук Россия Федерациясынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Новосибирск облусундагы Башкы башкармалыгынын ыкчам штабы, саламаттыкты сактоо жана полиция органдары, кыргыз диаспорасы менен тыгыз байланышып жана башка (мүмкүн болгон) жабыркаган Кыргыз Республикасынын  жарандарын тактоо боюнча  иш алып барууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK