Кыргыз Республикасынын Новосибирск ш. Башкы консулдугунун маалымат билдирүүсү, 2021-жыл 4-август

3191

Алтай Республикасынын Катун дарыясында рафтинг учурунда

каза болгон Кыргыз Республикасын жараны жонундо

 

         Кыргызстандын жана Россиянын ЖМКда Кыргыз Республикасынын М.С. атуу жараны Алтай Республикасынын Катун дарыясында рафтинг учурунда каза болгондугу боюнча маалымат жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу төмөндөгүлөрдү билдирет.

         2021-жылдын 20-июлунда Башкы консулдукка Алтай Республикасындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн “Мастерафт” компаниясында рафтинг боюнча инструктор болуп иштеген 1996-ж.т. Кыргыз Республикасынын М.С. атуу жараны Катун дарыясынын Телдекпень-2 аймагында рафтинг учурунда чөгүп кетип, анын сөөгү изделип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү полиция жана өзгөчө кырдаалдар органдары менен биргеликте аталган жаранды бир нече күн издешкен, бирок сөөгүн таба алышкан эмес.

         Ушул жылдын 30-июлунда эс алууда жүргөн туристтердин бири Кыргыз Республикасынын М.С. атуу жаранынын сөөгүн Еланда аймагынын Катун дарыясында табып, полицияга билдирген.

         Кыргыз диаспорасынын жардамы менен аталган жарандын сөөгү Кыргызстанга 2021-жылдын 4-августунда жөнөтүлгөн. Башкы консулдук тарабынан Кыргызстанга жук-200ду жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн 70 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген.

         Кыргызстанданы жараны каза болгон бул окуянын иликтенишин Башкы консулдук көзөмөлдөп жатат. РФнын ТИМнин Барнаул шаарындагы Өкүлчүлүгүнө, Алтай Республикасынын тергөө жана көзөмөлдөө органдарынын башчыларынын дарегине иштин тергөөсүн көзөмөлгө алуу өтүнүчү жөнүндө Башкы консулдуктун кайрылуулары жөнөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK