2022-жылдын 15-апрелинде Кемерово областы-Кузбасстын Губернатору С.Е.Цивилёвдун чакыруусу менен КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиев «Ночь Юрия Гагарина» фестивалына конок катары катышты.

1467

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу К.Маматалиев 15-апрель 2022-жылы Кемерово областы-Кузбасста болуп өткөн «Ночь Юрия Гагарина» фестивалына областын Губернатору С.Е.Цивилёвдун чакыруусу менен катышып келди.

         Башкы консул иш сапары учурунда Губернатор С.Е.Цивилёв менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, Кузбасс менен Кыргыз Республикасынын региондору арасында инвестиция, туризм жана айыл-чарба тармагында келечектеги кызматташуулар жөнүндө сөз кылышты.

         Ошондой эле Новосибирск шаарынан барган Дипломатиялык өкүлдөр менен чогуу фестивальдын алкагында маданий иш чараларга катышып, шахтерлордун урматына орнотулган эстелике гүл койуу аземине катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK