КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу АЙбек Айдарбеков «Русагромаркет» товарларды дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борборуна барды

244

2023-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Новосибирск шаарындагы «Русагромаркет» товарларды дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борборуна барып, борбордун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын айыл чарба жана тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрү менен камсыздоочуларынын «Русагромаркет» дүңүнөн сатуу жана бөлүштүрүү борбору менен кызматташуу маселелери талкууланып, дүң сатуу каналдарын уюштуруу жана кыргыз продукциясын Сибирдин рынокторуна экспорттоону жогорулатуу боюнча маселелер талкууланды.

«Русагромаркет» борборунун жетекчилиги КР Новосибирск шаарындагы башкы консулу Айбек Айдарбековду борбордун товарларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Ошондой эле, Сибирдеги чекене соода түйүндөрүнө андан ары жайылтуу үчүн Кыргызстандан өндүрүлгөн продукцияны фитосанитардык көзөмөлдөө, сертификациялоо жана бажылык тариздөө боюнча аталган борбордо түзүлгөн шарттары көрсөтүлдү.

КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков өз кезегинде кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен «Русагромаркет» дүңүнөн сатуу жана бөлүштүрүү борборунун ортосунда кызматташууну түзүүгө кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын айыл чарба, азык-түлүк, эт, сүт азыктарын, консерва жана башка продукцияларды Сибирдин базарларына жеткирүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын март айында «Русагромаркет» дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борборунун жетекчилигинин кыргыз компаниялары жана ишканалары менен борбордун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары менен тааныштыруу жана келечекте келишимдерди жана кызматташтыкты түзүү үчүн Кыргызстандын ишкерлеринин Новосибирск шаарына иш сапарын уюштуруу үчүн видеоконференция байланыш форматында жолугушуусун уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: «Русагромаркет» дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борбору (ОРЦ) - Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин жана ВЭБ Капитал инвестициялык компаниясынын колдоосу менен Русагромаркет холдинги тарабынан иштелип чыккан федералдык масштабдагы долбоор.

Новосибирск шаарындагы дүңүнөн сатуу жана бөлүштүрүү борборунун комплекси Новосибирск облусунун Индустриалдык-логистикалык паркынын аймагынан орун алып, Р254 Иртыш федералдык магистралы менен Транссибирь темир жолу өткөн жерде жана Новосибирск шаарындагы Толмачево эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан жана Новосибирск шаарынан продукцияларды Сибирь федералдык округунун дээрлик бардык аймактарына таркатышат.

Холдингдин айыл чарба продукцияларын федералдык жана аймактык чекене тармактарга саткан өзүнүн дистрибьютордук компаниясы бар. Алсак, Лента, Ашан, Магнит, Пятерочка, Ярче, Мария-Ра, Светофор, Самокат, Метро сыяктуу 22 соода түйүндөрү менен жеткирүү жөнүндө келишимдери түзүлгөн.

Мындан тышкары, аталган борбор өзүнүн электрондук Марекплейс платформасы аркылуу жеткирүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосундагы транзакциялар бүткүл Россия Федерациясы боюнча жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

  • КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу АЙбек Айдарбеков «Русагромаркет» товарларды дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борборуна барды
  • КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу АЙбек Айдарбеков «Русагромаркет» товарларды дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борборуна барды
  • КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу АЙбек Айдарбеков «Русагромаркет» товарларды дүңүнөн сатуучу жана бөлүштүрүүчү борборуна барды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK