КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргыз Республикасы 29 жараны жазасын өтөп жаткан Новосибирск ообластынын №3 түзөтүү колониясына барышты

115

2023-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргыз Республикасы 29 жараны жазасын өтөп жаткан Новосибирск ообластынын №3 түзөтүү колониясына (Россия Федерациясынын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынындин Башкы башкармалыгынын Новосибирск областындагы № 3 түзөтүү колониясынын Федералдык мамлекеттик мекемеси) барышты.

Иш сапардын алкагында Түзөтүү колониясынын жетекчилиги менен дипломаттардын жолугушуусу болуп, алар менен соттолгондорду кармоо шарттары, тамак-аш, жумуш менен камсыз кылуу, материалдык жактан камсыз кылуу жана жакындары менен байланышта болууга мүмкүнчүлүк берүү маселелери талкууланды. Биометрикалык маалыматтарын алуу жана мөөнөтү өтүп кеткен жана жоголгон документтери менен абактагы жарандарды андан ары паспорттоштуруу үчүн КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлерине Кыргызстандын камактагы жарандарына баруу үчүн зарыл жардам көрсөтүү жана уруксат берүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргызстандын соттолгон жарандары менен жеке жолугушууларды өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө дипломаттар алардын жарандык укуктарынын сакталышы, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби, башка жакка которуу жол-жоболору боюнча консулдук-укуктук консультация беришти жана соттолгондор жазасынын калган мөөнөтүн Кыргыз Республикасында өтөө, медициналык жардам алуу, жакын туугандары менен жолугушуу жана Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышуусунун мыйзамсыздыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.      

Жолугушуунун соңунда мекеменин жетекчилиги түзөтүү колониясынын аймагына экскурсия жасап, КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарын кармоо шарттары менен тааныштырды.

  • КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргыз Республикасы 29 жараны жазасын өтөп жаткан Новосибирск ообластынын №3 түзөтүү колониясына барышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK