2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды
2023-жылдын 13-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу мекендеш статусун (Мекен-карт) алуу үчүн документтерди кабыл алууда.
«Мекен-карт» алуу үчүн мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери кайрыла алышат.
|
Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин макамы чет мамлекеттердин жарандарына (Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин жарандарынан тышкары) төмөнкү укуктарды берүү менен ыйгарылат:
|
«Мекен-карт» чыгарылган күндөн тартып 10 жыл мөөнөткө берилет.
Мамлекеттик төлөм (пошлина) 10 618 сомду түзүп, ал «Мекен-картты» өндүрүүчүлөр болгон Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана «Инфоком» МПБнын эсебине түшөт.
Мындан тышкары, Башкы консулдукта документтерди кабыл алуу үчүн консулдук жыйым (сбор) – 40 АКШ доллары өзүнчө төлөнөт.
Чет өлкөлүк жарандыгы бар «Мекен-карт» алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- чет өлкөлүк жарандын паспорту;
- чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- «Мекен картын» каттоо, даярдоо жана чыгаруу үчүн төлөмдү тастыктаган квитанция;
- консулдук жыйымдар (сбор) төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция
- туугандык байланышты ырастоочу документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн көчүрмө, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтар өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер).