Кыргыз продукциясынын өкүлдөрү менен «Русагромаркет» дүң бөлүштүрүү борборунун өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуусу өттү

212

2023-жылдын 31-мартында КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу КРнын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин көмөгү менен Кыргызстандын айыл чарба, тамак-аш, эт жана сүт, азык-түлүк, макарон жана алкоголсуз азыктарды Россиянын Сибирь федералдык округунун рынокторуна жеткирүүгө кызыкдар болгон Кыргызстандын транспорттук-логистикалык компанияларынын катышуусунда Новосибирск шаарындагы «Русагромаркет» дүң жана бөлүштүрүү борборунун жетекчилиги менен ВКС форматында жолушуу уюштурду.

Онлайн жолугушууга ошондой эле КР Экономика жана коммерция министрлигинин, «Кыргызиндустрия» ААКсынын, КРнын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Русагромаркет» дүң сатуу жана бөлүштүрүү борборунун жетекчилиги борбордун товарларды сактоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация өткөрдү. Ошондой эле Кыргызстандан келген продукцияларды Сибирдеги соода борборлорун андан ары жайылтуу үчүн фитосанитардык көзөмөлдөө, сертификациялоо борборунун шарттары жана артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Сибирь федералдык округунун чекене соода түйүндөрүнө мындан ары жайылтуу үчүн кыргыз продукциясын жеткирүү боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча кызыкдар кыргызстандык компаниялар менен дүң сатуу борборунун жетекчилигинин ортосунда пикир алмашуу болду.

Маалымат үчүн: «Русагромаркет» дүң жана бөлүштүрүү борбору (ОРЦ) — Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин жана ВЕБ Капитал инвестициялык компаниясынын колдоосу менен «Русагромаркет» холдинги тарабынан иштелип чыккан федералдык масштабдагы долбоор. Новосибирск шаарындагы дүң бөлүштүрүү борборунун комплекси Новосибирск облусунун Индустриалдык-логистикалык паркынын аймагында, Р254 Иртыш федералдык магистралынын, Транссибирь темир жолунун жана Новосибирск шаарындагы Толмачёво эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан, бул жеткирүүчүлөргө Новосибирск шаарынан продукцияларды Сибирь федералдык округунун дээрлик бардык аймактарына таркатышат.

Холдингдин айыл чарба продукцияларын федералдык жана аймактык чекене тармактарга саткан өзүнүн дистрибьютордук компаниясы бар жана 22 соода түйүндөрү (Лента, Ашан, Магнит, Пятерочка, Ярче, Мария-Ра, Светофор, Самокат, Метро ж.б) менен жеткирүү келишимдери түзүлгөн. Мындан тышкары, ОРЦ өзүнүн электрондук платформасына ээ - Маркетплейс, анда жеткирүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосундагы транзакциялар Россия Федерациясынын бардык аймагында жүргүзүлүшү мүмкүн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK