Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбековдун 5-Сибирь туристтик форумунун алкагында. «Мамлекеттер аралык туристтик агым. Туризмдин жана кросс-маданий мамилелердин келечектүү багыттары» Эл-аралык тегерек столго катышты

164

2023-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков 5-Сибирь туристтик форумунун алкагында. «Мамлекеттер аралык туристтик агым. Туризмдин жана кросс-маданий мамилелердин келечектүү багыттары» Эл-аралык тегерек столго катышып, сөз сүйлөдү

А.Айдарбеков өз сөзүндө россиялык туристтерди меймандос Кыргызстанда ар дайым кубаныч менен тосуп алаарын айтып, Кыргызстандын курорттук-ден соолук чыңдоочу, жайкы жана кышкы лыжа туризми боюнча кызмат көрсөтүүдөгү туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Башкы консул тилдик тоскоолдуктун жоктугу жана орусиялык жарандардын ички паспорттор менен жүрүү жана 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү мүмкүнчүлүгү, Новосибирск – Бишкек жана Новосибирск – Ош багыттары боюнча күнүмдүк, жайкы туристтик сезондо Новосибирск - Ысык-Көл арзан авиакаттамдар тууралуу жана каалаган банктарда жана акча алмаштыруу жайларында рублди улуттук валютага эркин конвертациялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө.айтып берди.

Соңунда ал Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун аймактык басма сөз өкүлдөрү, туризмди чагылдырган интернет-блогерлер жана ири туристик компаниялардын өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын туристтик жерлерине кыска мөөнөттүү маалыматтык тур уюштурууга даярдыгын белгилеп жана аларды жакынкы аралыкта Кыргызстанга келүүгө чакырды.

  • Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбековдун  5-Сибирь туристтик форумунун алкагында. «Мамлекеттер аралык туристтик агым. Туризмдин жана кросс-маданий мамилелердин келечектүү багыттары» Эл-аралык тегерек столго катышты
  • Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбековдун  5-Сибирь туристтик форумунун алкагында. «Мамлекеттер аралык туристтик агым. Туризмдин жана кросс-маданий мамилелердин келечектүү багыттары» Эл-аралык тегерек столго катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK