Пресс-релиз Новосибирск шаарындагы V Сибирь эл аралык туристтик форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбековдун медициналык борборлордун жана Кыргыз Республикасынын Медициналык туризм ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу жөнүндө

145

2023-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Кыргызстандык медициналык борборлордун жана Кыргыз Республикасынын Медициналык туризм ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анын жүрүшүндө жеке медициналык адистердин квалификациясын Кыргыз Республикасынын Сибирдеги медициналык жогорку окуу жайларында жана Новосибирск шаарындагы клиникаларда жогорулатуу курстарын уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында медициналык жана ден соолукту чыңдоо туризмин уюштуруу боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү маселелери талкууланды.

Эске салсак, 2023-жылдын 6-8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Медициналык туризм ассоциациясынын президенти Айбек Аланов баштаган Кыргызстандагы 8 жеке медициналык борбордун жетекчилери Сибирдеги «Дикоросы» туризм меймандостук форумуна катышты. Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын медициналык туризм ассоциацияларынын жетекчилери Новосибирск туристтик бизнесинин өкүлдөрү менен туризм жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

Маалымат үчүн: Новосибирск облусунда федералдык маанидеги 12 клиника, 109 аймактык жана 1860 жеке клиника бар. Облустагы медицинанын артыкчылыктуу багыттары болуп пластикалык хирургия, онкология, репродуктивдүү кызматтар, стоматология, офтальмология, кардиология жана башкалар саналат. 2022-жылдын аягында 54 миңден ашык чет элдик жарандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

  • 2023-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Кыргызстандык медициналык борборлордун жана Кыргыз Республикасынын Медициналык туризм ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анын жүрүшүндө жеке медициналык адистердин квалификациясын Кыргыз Республикасынын Сибирдеги медициналык жогорку окуу жайларында жана Новосибирск шаарындагы клиникаларда жогорулатуу курстарын уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында медициналык жана ден соолукту чыңдоо туризмин уюштуруу боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK