Пресс-релиз Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин Россиянын Жаза аткаруу кызматынын Кемерово областындагы түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгон КР жарандары менен жолугушуусу жөнүндө

73

2023-жылдын 6-апрелинен 7-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Жаза аткаруу башкы кызматынын Кемерово областы боюнча Башкы башкармалыгынын (ГУФСИН) Юрга шаарындагы №41 түзөтүү колониясына, Кемерово шаарындагы №40 түзөтүү колониясына жана Белово шаарындагы №44 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын 18 жараны менен жолугушкан.

Иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери менен Түзөтүү колонияларынын жетекчилигинин жолугушуусу болуп, анда соттолгондорду кармоо шарттары, тамак-аш, жумуш менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргызстандын соттолгон жарандары менен жеке жолугушуулар өткөрүп, анын жүрүшүндө дипломаттар алардын жарандык укуктарынын сакталышы, медициналык жардам алуу, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби, соттолгондор жазанын калган бөлүгүн өтөө үчүн Кыргыз Республикасына которуу жол-жоболору боюнча консулдук-укуктук консультацияларды өткөрүштү.

Мындан сырткары Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышуусунун мыйзамсыздыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

  • Пресс-релиз
Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин Россиянын Жаза аткаруу кызматынын Кемерово областындагы түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгон КР жарандары менен жолугушуусу жөнүндө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK