Пресс-релиз КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбековдун Омск шаарындагы жогорку окуу жайларга жана агрардык тармактагы илимий борборлорго болгон иш сапары тууралуу

99

Иш сапардын алкагында 2023-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Омск шаарындагы өкүлү Елена Генова менен жолугушуп, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери менен катар Россиянын аймактар аралык мамилелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Омск облусу менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы  талкууланды. Тараптар соода-экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө 2023-жылы боло турган иш-чараларды, ошондой эле Омск облусунун делегациясынын 2023-жылдын 18-21-апрелинде Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштуруу жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү маселелерин кеңири пикир алмашууларды өткөрүштү.

Ошондой эле, 2023-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Омск агрардык изилдөө борборуна барып, Омск ААКтын селекциялык жана үрөнчүлүк борбору менен таанышып, өсүмдүктөрдүн иммунитети, молекулярдык генетикалык изилдөөлөр, биохимия жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы лабораторияларынын окумуштуулары менен баарлашты. Анда мамлекеттик сорттторду сыноосуна 6-7 жаңы сорт берилип жаткандыгы айтылды. Жаңы жылдын алдында илимий мекеменин окумуштуулары РФ селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик реестрине жети жаңы асыл тукум продукцияны катташып, үстүбүздөгү жылы болсо сыноого бир нече жаңы сорттор берилди. Бул сорттор түшүмдүүлүк жана сапат көрсөткүчтөрүн жогорулатып, илдеттерге жана экологиялык жагымсыз факторлорго туруктуулукту жогорулатты.

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Омск П.А.Столыпин атындагы мамлекеттик агрардык университетине, Омск шаарындагы айыл чарба илим изилдөө борбору жана Омск эксперименталдык заводуна барды. Иш сапардын алкагында аталган окуу жайлардын жетекчилиги менен жолугушуулар болуп, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети менен жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана үрөнчүлүк тармагындагы илимий мекемелери Кыргызстандын климаттык жана ландшафтык шарттарында буудайдын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сыноо боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, айыл чарба тармагында кадрларды даярдоо, долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу айыл чарба жана айыл чарба машиналарын жасоо жагынан тыгыз кызматташуу маселелери талкууланды.

2023-жылдын 4-апрелинде КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбековдун Омск облусундагы «Зерно Сибири», ООО «Сибирский КХП» (Сибирь нан азыктары комбинаты) жана ООО «Зерновые линии» компаниялары сыяктуу агроөнөр жай комплексинин жетекчилиги менен жолугушуусу болду.  Жолугушууда КР Башкы консулу Айбек Айдарбеков кыргыз тараптын буудайдын сапаттуу сортторун импорттоого жана Омск облусунун дан өндүрүүчүлөрү менен байланыш түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде дан өндүрүүчү ишканаларынын өкүлдөрү Кыргызстандын импорттоочулары менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү үчүн тыгыз кызматташууну түзүүгө, продукцияны мындан ары транзиттик ташуунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгындаОмск дан ишканаларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапарын 2023-жылдын 18-21-апрелинде Омск облусунан бара турган делегациянын курамында уюштуруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

  • 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Омск шаарында иш сапары менен болду.
  • 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Омск шаарында иш сапары менен болду.
  • 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Омск шаарында иш сапары менен болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK