Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаев Омск облусунун Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Д.Ушаков баштаган Омск облусунан келген делегация менен жолугушту

84

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун  жардамы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаев менен Омск ѳкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Д.Ушаков жетектеген Омск облусунун делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Ыйгарым укуктуу өкүл Э.Жантаев 1992-жылы Ош облусу менен Омск облустарынын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлганын, бирок андан бери эки облустун ортосундагы алака жетиштүү деңгээлде өнүгө электигин билдирди. Буга байланыштуу ал Омск облусу менен эки тарапка пайдалуу болгон бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө Ош облусунун даярдыгын жана кызыгуусун билдирди. Тактап айтканда, айыл чарба, соода жана маданий-гуманитардык чөйрөдө, өзгөчө билим берүү тармагында, биринчи кезекте университеттердин деңгээлинде кызматташууну тереңдетүү. Мындан тышкары, ал Ош облусу жана Ош шаары Россиядан келген товарларды андан ары ири жана жыш калктуу Фергана өрөөнүнө реэкспорттоого мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мындан ары соода-экономикалык, гуманитардык жана социалдык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү максатында, жана ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий-гуманитардык тармактарда эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жѳнгѳ салуу максатта Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Омск областынын өкмөтүнүн ортосунда Макулдашуунун долбоорун даярдоодого Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Россия Федерациясынын Омск облусунун өкмөтүнүн ортосунда Жолугушуунун протоколуна кол коюлду.

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаев Омск облусунун Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Д.Ушаков баштаган Омск облусунан келген делегация менен жолугушту
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаев Омск облусунун Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Д.Ушаков баштаган Омск облусунан келген делегация менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK