Омск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Д.В.Ушаков башында турган Омск облусунун делегациясы Бишкек шаарында иш сапар менен болду

94

2023-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жана Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен Омск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Дмитрий Ушаков жетектеген Омск облусунун делегациясы  Бишкек шаарына иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э.Төрөбаев менен Омск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Д.В.Ушаков менен маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү тармактары боюнча жолугушуусу болуп өттү. Омск облусунун айыл чарба, дан өндүрүү тармагындагы олуттуу потенциалын эске алуу менен, кыргыз тарап буудайды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы үрөндөрүн импорттоого, ошондой эле айыл чарба тармагында адистерди даярдоо жана ушул тармакта тажрыйба алмашууга кызыкдар экендиги билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын кыртыш-климаттык зоналарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн (буудай, арпа, соя ж.б.)  экологиялык сортторун сыноо боюнча биргелешкен ишканаларды жана илимий борборлорду түзүү, ошондой эле Кыргызстандын ландшафтык-топурак шарттарына ылайыктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү жана селекциялык иштерди уюштуруу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Иш-сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын жана Омск облусунун ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелерин талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын көмөгү менен Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Омск облусунун ишкерлеринин жана бизнес чөйрөлөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүлдү.

Бизнес форумунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Президентинин  Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Аппаратынын жана Омск облусунун Өкмөтүнү ортосунда жолугушуу протоколуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасы менен Омск областынын соода-өнөр жай палатасы Союзунун ортосунда өз-ара түшүнүү меморандумуна кол коюлган.

Мындан тышкары Омск облусунун ишкерлери Кыргызстандын бир катар текстиль жана эт өндүргөн ишканаларында, ошондой эле медициналык жана билим берүү мекемелеринде болушту.

  • Омск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Д.В.Ушаков башында турган Омск облусунун делегациясы Бишкек шаарында иш сапар менен болду
  • Омск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Д.В.Ушаков башында турган Омск облусунун делегациясы Бишкек шаарында иш сапар менен болду
  • Омск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Д.В.Ушаков башында турган Омск облусунун делегациясы Бишкек шаарында иш сапар менен болду

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK