Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча башкы башкармалыгынын чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга барышы тууралуу
2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты. Иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайында (ЦВСИГ) кармалып турган Кыргыз Республикасынын 11 жараны менен жолугушуу өткөрүп, алардын кармоо шарттары менен таанышты.
Ошондой эле Россия Федерациясынын аймагынан чыгаруу боюнча соттун чечимдерин аткаруу жана документтери жок жарандарга Кыргыз Республикасына кайтып келүү тууралуу күбөлүктөрдү тариздөө боюнча консультациялар өткөрүлдү.