Урматтуу Мекендештер!

79

Акыркы убактарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында Россия Федерациясынын аймагында баңги, психотроптук заттарын мыйзамсыз өндүрүү, сатуу, ташуу, сактоо жана таркатуу боюнча кылмыш иштерине шектелип, кылмыш жазасына тартылгандардын саны кескин өсүүдө.

Тилеке каршы, мындай окуяга дуушар болгондордун көпчүлүгү заказды күмөндүү интернет (darknet) сайттары жана Telegram каналдары же тааныш баңги-дилерлери аркылуу алышып (өздөрү билбестен) бир нече жолу банги, психортоптук заттарын мыйзамсыз ташыгандар жана таркаткандар болууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ошол себептен, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Россия аймагында жашап, эмгектенип жүргөн Кыргызстандыктарды жергиликтүү мыйзамдарды бекем сактоого, күмөндүү жумуш сунуштагандар менен (айрыкча курьерлик кызматтарда) байланыш кылбоого чакырат!

Эгер мындай жумуштарга ар кандай шантаж, коркутуу жолдору менен мажбурлаган учурларда Новосибирск шаарынын жана областынын  аймагында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан бардык фактылар боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск областы боюнча Башкы башкармалыгынын (383) 232-76-75 (232-76-75) ишеним телефондоруна күн-түн режиминде, ошондой эле аталган Башкармалыктын (383) 232-70-89 телефон номери аркылуу чалып билдирүүгө болорун маалымдайбыз.

Мындан сырткары Башкы консулдуктун (383) 349-58-43 (309-27-60) номерлери аркылуу кайрылууну суранабыз.

Урматтуу мекендеш, оңой акчага азгырылып, өз тагдырыңызга балта чаап, Кыргызстанда үмүт менен күтүп жаткан ата-энеңизди, үй-бүлөнүздү кайгыга салбаңыз! Сиздин саламатта, ар-кандай кырсыктан алыс болуп мекенге аман-эсен кайтып барышыңыз биз үчүн өтө маанилүү!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK