КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск областы боюнча Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты

87

2023-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын 29 жараны убактылуу кармалып турган Россиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск областы боюнча Башкы башкармалыгынын (ЦВСИГ) Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты.

Иш сапардын алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери борбордун  жетекчилиги, ошондой эле анда кармалып турган Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууу учурунда Россия Федерациясынын аймагынан чыгаруу боюнча соттун чечимдерин аткарылуусу жана керектүү документтери жок жарандарга Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүктөрүн тариздөө боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Ошондой эле, 2023-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Новосибирск областынын Обь шаардык сотунда административдик укук бузууларды жасаган (Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 18.8-беренесинин 1.1-бөлүгү) Кыргызстандын төрт жаранынын кызыкчылыктарын коргоп, соттук отурумга катышып келишкен.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 5-майына карата ЦВСИГде 78 чет өлкөлүк жаран кармалып турат, анын ичинен 29 Кыргыз Республикасынын жарандары.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK