КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков РФнын Новосибирск областынын губернатору Андрей Травников менен жолугушту

129

2023-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Россия Федерациясынын Новосибирск областынын губернатору Андрей Травников менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Новосибирск областынын ортосундагы эки тараптуу аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Айбек Айдарбеков белгилегендей, кыргыз тарап Новосибирск областы менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө, бекемдетүүгө жана тереңдетүүгө чоң маани берет.

Мындан сырткары Кыргызстан Новосибирск областынын рыногунда кыргыз бизнесинин катышуусун кеңейтүү максатында текстиль, айыл чарба, жашылча-жемиш жана башка продукцияларды көбөйтүү үчүн. Соода борбор ачууга даяр экенин билдирди.

Аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Новосибирск областынын губернатору Андрей Травниковду 2023-жылдын жай мезгилинде Кыргыз Республикасына ушул жылдын 27-июлунда Чолпон-Ата шаарында өтө турган «Ысык-Көл-2023» Эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн келип кетүүгө чакырган. Бул форумдун  алкагында Кыргызстандын жана Новосибирск областынын ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум уюштурууга даяр экенин билдирген.

Маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн алкагында тараптар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, Кыргызстандын Новосибирск областында жана Новосибирск областынын Кыргызстанда маданият күндөрүн өткөрүү маселелерин талкуулашты.

  • КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков РФнын Новосибирск областынын губернатору Андрей Травников менен жолугушту
  • КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков РФнын Новосибирск областынын губернатору Андрей Травников менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK