Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбековдун Новосибирск шаарынын мэри Анатолий Локоть менен жолугушуусу жөнүндө пресс-релиз

136

2023-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Новосибирск шаарынын мэри Анатолий Локоть менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Новосибирск шаарынын ортосундагы аймактар Эл аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Айбек Айдарбеков Кыргызстанда советтик жана кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы ушул жылы белгиленип жатканын билдирди. Буга байланыштуу ал Новосибирск шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүүнү жана дүйнөгө белгилүү жазуучунун атын Новосибирск шаарынын аллеяларынын же аянттарынын бирине ыйгаруу менен анын элесин түбөлүккө калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Новосибирск шаарынын мэриясы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу жана товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында Кыргызстандын айыл чарба, жашылча-жемиш, текстиль, эт-сүт жана башка продукцияларынын Новосибирск шаарында көргөзмө-жарманкесин жыл сайын уюштуруу, анын алкагында өзүнчө маданий программаларды (улуттук маданиятты чагылдырган концерт, оюн-зоок программасын камтыган) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле, Новосибирск муниципалитети Бишкек шаарындагы «Супара» этно-комплексин мисалга алып, Новосибирск шаарынын аймагында кыргыз этно-борборун ачууга кызыкдар экени айтылды, ал шаардын тургундарынын көңүлүн бура турган кыргыздын көчмөн маданиятын, тарыхын жана каада-салттарын көрсөтүүчү борбор болуп калаарын белгиледи.

Мындан тышкары, туризм тармагындагы кызматташтыкты арттыруу маселелери боюнча Новосибирск шаарынын мэриясы Новосибирск Экспо борборунда жыл сайын туристтик көргөзмөлөрдү өткөрүү боюнча иштеп жаткан долбоор жөнүндө маалымат берди, анын багыттарынын бири ар кандай улуттардын ашканасынын презентациясын камтыган гастро-туризм тууралуу да айтылды. Буга байланыштуу Новосибирск шаарынын мэриясы бул иш-чарага кыргызстандык туристтик компаниялардын жана ресторан бизнесинин катышуусуна кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар Новосибирск шаарындагы медицина тармагындагы олуттуу потенциалын, алдыңкы жетишкендиктерди, заманбап ооруканаларды жана медициналык клиникаларды жана Кыргызстандыктардын  Новосибирск

шаарында дарыланууга кызыгуусун эске алуу менен медициналык туризмди өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанга Сибирден туристтерди тартуу маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Айбек Айдарбеков Кыргызстандын курортторун таанытуу максатында Башкы консулдуктун көмөгү менен Сибирдеги туристтик фирмаларынын өкүлдөрү (15 компания) үчүн 2023-жылдын июнь айында маалыматтык тур уюштуруу, ошондой эле жайкы туристтик сезондо Новосибирск шаарынан Тамчы аэропортуна түз каттамдардын санын жумасына 1 рейстен 4 рейске чейин көбөйтүү маселеси иштелип  жатканын белгиледи.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаары менен Новосибирск шаарынын ортосунда боордош шаар мамилелери бар экендигин эске алуу менен эки шаардын муниципалитеттеринин кызматташуунун түрдүү багыттары боюнча өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү маселелери талкууланды.

  • 2023-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Новосибирск шаарынын мэри Анатолий Локоть менен жолугушту.
  • 2023-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков Новосибирск шаарынын мэри Анатолий Локоть менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK