Новосибирск шаарында мекендештер үчүн орус тилин үйрөнүү курстары тууралу

123

Россия аймагында жашап, эмгектенген мекендештерибиздин арасында жарандар менен сүйлөшүүдө, социалдык, турмуш-тиричилик жана жумушка орношууда, өз укуктарын коргоодо, балдарын бала бакча, мектепке орноштурууда, медициналык жана башка кызматтарды алууда орус тилини жеткиликтүү деңгээлде билбегендиктен кыйынчылыктарга дуушар болгон учурлар кездешет.

Андыктан, Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу мекенедештерибиздин жергиликтүү шарттарга адаптация болуусун камсыздоо максатында Новосибирск шаарында "Алгоритм-S окуу жана консультация борбору" менен биргеликте кыргыз жарандары орус тилин үйрөнүүсү боюнча тиешелүү иш-чараларды алып барууда.

 Бул иш-чаралардын алкагында, Новосибирск шаарында "Алгоритм-S окуу жана консультация борбору" менен сүйлөшүүлөр жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 15-июнунан тартып кыргыз жарандарына орус тилинен акысыз негизде, жумасына эки жолу курстарды өтүү жөнүндө келишимге жетишилген.

Ошондуктан, каалоочулар алдын ала төмөндө көрсөтүлгөн телефондор менен байланышып, курстарга жазылууну сунуш кылабыз.

Аталган борбордун тажрыйбалуу  мугалимдери сиздерди орус тилинде сүйлөөгө окутушат. Орус тили боюнча курсту аяктагандан кийин тиешелүү сертификаттар берилет.

Каалоочулар өз ыңгайыңызга карап, алдын ала сүйлөшүү жолу менен  окуу графигин (күндүзгү же кечки) тандап алсаңыздар болот. Окуу борбору шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан.

 

Борбордун дареги: Новосибирск шаары, Октябрская көчөсү 34

Байланыш үчүн телефондор:  89133982655, 89833000151 (Вотсапп), 

              223-35-10, 223-84-79

  • Новосибирск шаарында мекендештер үчүн орус тилин үйрөнүү курстары тууралу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK