Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбековдун Алтай Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын – Эл Курултайынын Төрагасынын орун басары Г.Чепкин менен жолугушуусу жөнүндө

78

2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.Айдарбеков Алтай Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Алтай Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын – Эл Курултайынын Төрагасынын орун басары Г.Чепкин жана Алтай Республиканын Мамлекеттик Жыйынын - Эл Курултайынын аградык саясат боюнча комитеттиҥ Төрагасы Р.Байдалаков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Алтай Республикасынын ортосундагы маданият, соода жана билим берүү тармагындагы аймактар ​​аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттик делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу жана мыйзам жаратуу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.Айдарбеков Алтай Республикасынын Экспортту колдоо борборунун жетекчиси Т.Логинова жана Алтай Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы А.Архипов менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар болгон Алтай Республикасынын ишкерлери да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Алтайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, сооданын көлөмүн көбөйтүү жана продукцияны өз ара жеткирүү боюнча маселелердин кеңири багытта талкуу болду. Алтайлык ишкерлер Кыргыз Республикасынын текстиль өнөр жайынын жигердүү өнүгүп жаткан сектору менен тажрыйба алмашууга, этникалык стилде дизайнердик кийимдерди тигүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле өнүккөн мал чарба тармагын эске алуу менен ири жана майда малдын терилерин жана жүндү кайра иштетүү боюнча биргелешкен иш-чараларга кызыкдар экендигин билдиришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK