КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун 2023-жылдын 3-июлуна карата маалыматтык билдирүүсү

91

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен, 2023-жылдын июль айында Бишкек жана Ош шаарларында Россия Федерациясынын Омск, Томск жана Горно-Алтайск шаарларынын университеттерине бюджеттик жана контракттык орундарга документтер кабыл алынат.

 

Омск шаарынын жогорку окуу жайлары

Омск шаарынын жогорку окуу жайларына өтүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларында төмөнкү даректерде кирүү сынактарын тапшырса болот:

- Бишкек шаарында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратында, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 547 дареги боюнча докуметтер жана кирүү сынактар өткөрүлөт.

Бишкек шаары боюнча кабыл алуу комиссиясы 2023-жылдын 3-июлунан 5-июлуна чейин иш алып барат;

- Ош шаарында Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин имаратында, Г.Айтиева көчөсү, 27, дареги боюнча документтер жана кирүү сынактар кабыл алынат.

Ош шаарындагы кабыл алуу комиссиясы 2023-жылдын 6-июлунан          8-июлуна чейин иш алып барат.

Абитуриенттерге Омск шаарындагы төмөнкү жогорку окуу жайларына бюджеттк жана акы төлөнүүчү окуу формалары боюнча тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет:

  1. П.А. Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университети (https://www.omgau.ru/abiturientu/).
  2. Омск мамлекеттик байланыштар (транспорт) университети https://omgups.ru/abiturientu/).
  3. Омск мамлекеттик медициналык университети (https://omsk-osma.ru/postupayuschim).
  4. Омск мамлекеттик педагогикалык университети (https://omgpu.ru/abiturientu).
  5. Сибирь мамлекеттик автомобиль жана жол университети (https://sibadi.org/abitur2023/lp/).
  6. Омск мамлекеттик техникалык университети (https://omgtu.ru/entrant/).
  7. Сибирь бизнес жана маалыматтык технологиялар институту (https://sibit.sano.ru/abitur/).

Омск шаарынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча катталсаңыз болот: https://forms.gle/1U98QByFBJ6xwzA89

 

Томск шаарынын жогорку окуу жайлары

Томск шаарынын жогорку окуу жайларына И.Раззаков атындагы малекеттик техникалык унивеситеттин алдындагы Лицейдин имаратында Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси 66а дареги боюнча документтерди жана кирүү сынактарды тапшырса болот. Кабыл алуу комиссиясы 2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин иш алып барат

Абитуриенттерге Томск шаарындагы төмөнкү жогорку окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет:

  1. Сибирь мамлекеттик медициналык университети (https://abiturient.ssmu.ru/bachelor-and-specialty/).
  2. Томск политехникалык университети (https://abiturient.tpu.ru).
  3. Томск мамлекеттик университети (https://abiturient.tsu.ru/).
  4. Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университети (https://tsuab.ru/).
  5. Томск мамлекеттик башкаруу системалары жана радиоэлектроника университети (https://postupi.tusur.ru/).

Томск шаарынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча каттала аласыз: https://forms.gle/zhhDX37bgGJdL1P88

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK