КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков Омск шаарына иш-сапары менен барды

81

2023-жылдын 24-июлунан 26-июлуна чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбековдун «Агро-Омск 2023» XIX Сибирь агротехникалык көргөзмө-жарманкесинин ишине катышуу максатында, Омск шаарына иш-сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында 24-июлда А.Айдарбеков мунай-химия жана агроөнөр жай тармагына адистешкен «Титан» компаниялар тобунун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Ошондой эле, А.Айдарбеков оңдоо, сыноо, көзөмөлдөө боюнча стандартуу эмсе технологиялык жабдууларды, ар түрдүу тармактардын жана транспорттун татаал техникалык системаларынын агрегаттарынын жана алардын абалын диагностикалоо жана көзөмөлдөө жабдууларды иштеп чыгарган «Промтех Өнөр жай технологияларынын илимий-өндүруштүк борбору» ЖЧКсынынын (ООО НПЦ Промтех) жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстандын жигердүү өнүгүп жаткан өнөр жайын эске алуу менен «Титан» компаниялар тобунун жана «Промтех» ЖЧКсынын ортосунда Кыргызстандын агроөнөр жай жана нефтехимия тармагындагы ишканалары менен тыгыз өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү маселелери талкууланды.

25-июлда Башкы консулу А.Айдарбеков Омск облусунун Төрагасынын орун басары – Билим берүү министри И.Кротт жана Омск шаарындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушуу өткөрүп, жолугушуунун алкагында билим берүү тармагында кызматташууну мындан ары активдештирүү маселелерди талкуулады.

А.Айдарбеков, 2023-жылдын 3-июлунан 8-июлуна чейинки аралыкта бюджеттик жана контракттык формада окууга Кыргызстандан абитуриенттерди кабыл алуу үчүн Омск шаарынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын кабыл алуу комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларына иш сапарын уюштуруу маселеси ийгиликтүү иштелип чыкканын маалымдап, жыйынтыгында Кыргызстандан 100дөн ашык абитуриенттер Омск окуу жайларына кабыл алынганын бердиледи.

Кабыл алуу комиссиясынын ишин ийгиликтүү өткөрүү жана Кыргызстандан студенттеринин санын көбөйтүү максатында, Башкы консул А.Айдарбеков, Кыргызстандагы окуу жылынын башынан тарта жогорку класстардын окуучулары жана абитуриенттер менен кесипке багыт берүү, үгүт иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Ошондой эле, А.Айдарбеков 25-июлда «Омскводоканал» ААКнын башкы директору П.Козлов менен жолугушуп, жолугушуунун алкагында ЖК «Ошгорводоканал» ишканасы менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Ошгорводоканал» ЖК жана «Омскводоканал» ААК жетекчилигинин жана кызматкерлеринин катышуусу менен, жакынкы аралыкта кеңейтилген жолугушуусун ВКС форматында өткөрүү маселеси макулдашылды.

Мындан тышкары, 25-июлда А.Айдарбеков Омск облусунун Экспортту колдоо борборунун жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Омск облусунун ортосундагы аймактар-аралык соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, продукцияны өз ара жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле ишкер чөйрөлөрдүн жолугушууларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле, жолугушуунун алкагында, 2023-жылдын 7-августунан 11-августуна чейин Омск облусунун ишкерлеринин делегациясынын Кыргыз Республикасына (Бишкек жана Каракол шаарларына) көп секторлуу бизнес-миссиясын уюштуруу маселелери талкууланды.

  • КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков Омск шаарына иш-сапары менен барды
  • КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков Омск шаарына иш-сапары менен барды
  • КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков Омск шаарына иш-сапары менен барды
  • КРдин Новосибирск шаарындагы Башкы консулу А.Айдарбеков Омск шаарына иш-сапары менен барды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK