КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиевдин жетекчилиги астындагы КРдин делегациясы «Агро-Омск 2023» Сибирь агротехникалык көргөзмө-жарманкесинин ишине катышты

114

2023-жылдын 26-27-июлунда Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жана Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын делегациясы «Агро-Омск 2023» Сибирь агротехникалык көргөзмө-жарманкесинин ишине катышты.

27-июлда К.Джумагазиевдин Омск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу, өкмөттүн төрагасы В.Хоценко менен эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлүп, жолушуунун алкагында тараптар Чүй облусу менен Омск облусунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү тармагындагы аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Жигердүү өнүгүп жаткан айыл чарба тармагын эске алуу менен Чүй облусу Омск облусу менен агроөнөр жай комплекси жаатында кызматташууну арттырууга кызыкдар экени белгиленди. Омск облусунан эң жогорку жана биринчи сорттогу буудайды жана унду Чүй облусуна жеткирүү, ошондой эле Кыргызстандын климаттык шарттарында жана ландшафтта жабдуулардын иштешин сыноо жана баалоо үчүн Омск облусунда чыгарылган айыл чарба техникасын багыттоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошондой эле Омск облусунун базарларына Кыргызстандын айыл чарба, жашылча-жемиш жана кийим-кече продукциясын жеткирүү жана Омск кардарлары үчүн Кыргызстандын тигүү ишканалары менен келишим түзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, К.Джумагазиев синтетикалык каучукту, латексти өндүрүү жана сатуу, ошондой эле биотехнология тармагындагы иштеп чыгуулар чөйрөсүндө россиялык инновациялык корпорация болуп саналган «Титан» компаниялар тобунун» жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташуу маселелерин жана Чүй облусунун аймагында «Титан» компаниялар тобунун» өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

П.А.Столыпин атындагы Омск мамлекеттик агрардык университетинин жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Омск академиясынын жетекчилиги менен өзүнчө жолугушуу өткөрүлүп, жолугушуунун алкагында, Кыргызстан үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо жана кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү маселелери талкууланды.

Иш сапардын алкагында К.Жумагазиев жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү ошондой эле айыл чарба, дан, үрөн, айыл чарба техникалары, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары өндүрүү тармагындагы Омск шаарынын бир катар ишканаларына барып, кызматташтыктын кыргыз тарапка актуалдуу аспектилери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын Омск шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында Омск облусуна жашылча-жемиштерди, металл буюмдарын жеткирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасына дан азыктарын жана айыл чарба техникасын импорттоо боюнча 10-дон ашык эки тараптуу контракттарга кол коюлду.

Маалымат үчүн: Кыргыз делегациясы «Таурид» жашылча өстүрүүчү ЖЧК, «Спринклер Плант» ЖЧК, «Сингента» ЖЧК, «ЭкоНиваСибир» ЖЧК, «ДиборЭкспорт» ЖЧК ж.б компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

  • 2023-жылдын 26-27-июлунда Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун жана Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын делегациясы «Агро-Омск 2023» Сибирь агротехникалык көргөзмө-жарманкесинин ишине катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK