Новосибирск шаарындагы Башкы консулдуктун жана Ардактуу консул Н.Исабек уулунун көмөгү менен «Группа компаний «Титан» акционердик коомунун делегациясынын Кыргызстанга иш сапары уюштурулду

179

Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу, Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, 2023-жылдын 2-октябрынан тартып 4-октябрына чейин «Группа компаний «Титан» акционердик коомдун директорлор кеңешинин Төрагасы М.Сутягинский жетектеген делегациянын Кыргыз Республикасына иш-сапары өткөрүлдү.

Иш-сапарынын максаты нефтини кайра иштетүүчү жана нефтехимиялык Кыргыз компаниялары менен россиялык акционердик коомунун кызматташуусун орнотуу жана Кыргыз Республикасынын нефтини кайра иштетүүчү секторуна бензин өндүрүү үчүн инвестиция киргизүү маселелерин талкуулоо болду. 

Иш-сапарынын алкагында ачык акционердик коомунун делегациясы кызматташтыкты жана мүмкүн болуучу инвестицияны орнотуу үчүн  Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы нефтини кайра иштетүүчү бир нече иш-каналардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып жана  жетекчилери менен жолугуушуларды өткөрдү.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 4-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров «Группа компаний «Титан» акционердик коомдун директорлор кеңешинин Төрагасы М.Сутягинскийди кабыл алып, Кыргыз Өкмөтү менен акционердик коомдун ортосундагы өнөр жай жана нефтехимия тармактарындагы кызматташуунун келечегин талкуулады.

Маалымат үчүн: «Группа компаний «Титан» акционердик коому – мунай-химиялык продукцияны, синтетикалык каучукту, латекстерди, трет-Бутилметиловый эфирин өндүрүү жана сатуу, ошондой эле биотехнология тармагындагы иштеп чыгуулар менен алектенген россиялык инновациялык корпорациясы болуп саналат. «Группа компаний «Титан» акционердик коомуна «Омск каучук» ЖЧКсы, «ТитанАгро» ЖЧКсы, «Инвестхимпром» ЖЧКсы, «Новочеркасск май заводу» ЖЧКсы, «Титан-Интер-Трейд» ЖЧКсы, «Псков Титан-Полимер» ЖЧКсы жана башка ишканалар кирет.

«Группа компаний «Титан» акционердик коому делегациясы үчүн төмөнкү объектилерге баруу уюштурулган: Жалал-Абад облусунда: ЖАК «Кыргыз Петролеум Компани», АК «Кыргызнефтегаз»; Чүй облусунда: Токмоктук НПЗ, Кеминдик НПЗ и ОсОО «Чайна Петроль Компани «Джунда».

  • Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу, Кыргыз Республикасынын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен, 2023-жылдын 2-октябрынан тартып 4-октябрына чейин «Группа компаний «Титан» акционердик коомдун директорлор кеңешинин Төрагасы М.Сутягинский жетектеген делегациянын Кыргыз Республикасына иш-сапары өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK